Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Борбор Азия технологиялык форуму өтөт

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 252 | 0

24-мартта Бишкек шаарында боло турган Борбор Азия технологиялык форумуна 5 мамлекеттин IT-лидерлери катышат. Иш-чара Кыргызстандагы экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Форумга Американын Amazon электрондук соода платформасынын аймактык IT-директору, Вашингтон университетинин IT-билим берүү боюнча эксперттери, JETRO тышкы сооданы өнүктүрүү уюму башында турган Япониядан келген делегациянын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын, Казакстандын, Өзбекстанын, Түштүк Кореянын жана Германиянын эксперттеринин панелдик сессиялары жана презентациялары болот. Сессиялардын жүрүшүндө эл аралык тенденциялар жана IT-билим берүүнүн келечеги талкууланат.

Форумдун жыйынтыгында комитет түзүлөт, ал жогоруда аталган өлкөлөрдүн эл аралык өнөктөштөрү менен кызматташуу боюнча билим берүү мекемелеринин ассоциациясы.

Форумдан кийин Central Asian Tech Awards аттуу өзүнчө иш-чарасы уюштурулуп, анда 7 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат. Ар бир жеңүүчү үчүн сыйлык – Силикон өрөөнүнө (Калифорния штаты, АКШ) саякат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM