Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары митингге чыкты

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 174 | 0

Бүгүн, 17-мартта Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын жакындары митингге чыгышты.

Митинг Бишкектеги Горький паркында өтүүдө. Алар мыйзамсыз абакта камалып жаткандарга боштондук сурап, тергөө иштери тууралуу маалыматтардын берилбегенине нараазы. Ошондой эле нааразычылык акциясына чыккандар саясий туткундарга боштондукту талап кылышууда. Митингге жүздөн ашык жаран катышууда.

Айта кетсек, 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразычылык билдирген отузга жакын адам камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларды «башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыптап чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM