Биз менен байланышыңыз

Чүй облустук драма театрынын жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 1837 | 0

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору алмашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрдин буйругу менен директорлук кызматка Жумакадыр Курмангалиев дайындалды.

Ал 2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун директору болгон.

Учурда бул борборду министрдин мурдагы орун басары Союзбек Надырбеков жетектейт.

Чүй облустук драма театрынын буга чейинки директору Азамат Болгонбаев кызматтан өз арызы менен кеткенин, ага «Эл акыны Элмирбек» эл аралык коомдук фондунун жетекчилигине дайындалганы себеп болгонун «Маралга» маалымдады.

Азамат Болгонбаев театрдын директорлугуна 2021-жылдын 7-июнунда ошол кездеги министр Кайрат Иманалиевдин буйругу менен келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM