Биз менен байланышыңыз

УКМК: Дүйшөнбек Зилалиев кайра кармалды

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 2826 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. кармалды.

Ал 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталды.

Бирок З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 15-мартта З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2020-жылы Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген.

Кийин 2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Зилалиев соттун чечими менен 2022-жылы 17-январда үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM