Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карады.
Талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди. Тармактык комитет сунушталган талапкердин дайындалышына макулдук берип, маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Мелис Тургунбаевди президент Садыр Жапаров 15-мартта экология министринин милдеттерин аткаруучу кылып дайындаган. Аны эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган.
Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин буга чейин Динара Кутманова башкарып келди. Ал 15-мартта кызматтан алынды.