Биз менен байланышыңыз

УКМК: Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 507 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И.ге кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Башкы дарыгер калктын социалдык жактан аялуу катмарынын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемаларды түзүүгө, үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу,  жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу сыяктуу аракеттерге айыпталууда.

УКМК мындай фактылардын 20дан ашык учурлары катталганын билдирди.

2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тарткан.

Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди: милдронат, пропофол жана магний сульфаты, ошондой эле 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүү жолу менен бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.

Стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин базардагы чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми министрлик аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 млн 356 миң сомго сатып алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашык. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультра үн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Атайын кызматтын текшерүүсү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады.

Учурда башка коррупциялык фактыларды, жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM