Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги колдонгон электрондук күндөлүктүн автору кармалды

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 567 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, 13-мартта окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашырууга жана алдамчылыкка шектелип кармалды.

Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, кош эсептөө системасын колдонуп, кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берип, салыктарды төлөөдөн качкан.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү түшпөй калганы, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM