Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши. Улукбек Маматаевге операция жасалды

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 159 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активист Улукбек Маматаевге операция жасалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады. Анын айтуусунда, Маматаев оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат жана абалы оор.

Ал 15-мартта ден соолугу начарлап, шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

«Анын өтүнөн диаметри 3 сантиметр болгон таш алынды. Абалы начар жана кароого муктаж. Анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранабыз», — дешти туугандары.

Бишкек шаардык соту 9-10-март күндөрү «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап, аларды 20-апрелге чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM