Биз менен байланышыңыз

Айрым айыл аймактардын жана айылдардын атын өзгөртүү сунушталды (тизме)

Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 3298 | 1

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир нече айыл аймактарынын атын өзгөртүүнү сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

Документте белгиленгендей, төмөнкү калктуу конуштарды айыл катары классификациялоо сунушталат:

-Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы деп атоо;

-Аксы районундагы Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы деп өзгөртүү;

-Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Деш айылын Тынчтык айылы деп атоо;

-Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Дукур айылын Достук айылы деп атоо;

-Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын Ынтымак айылы деп өзгөртүү;

-Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай айылы деп өзгөртүү;

-Кара-Буура районундагы Аманбай айыл аймагындагы Куру-Маймак айылын Сатыкей айылы деп өзгөртүү;

-Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагынын Нижняя Серафимовка айылын Макеш-Баатыр айылы деп өзгөртүү;

-Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы деп өзгөртүү;

-Ысык-Көл районунун Семеновский айыл аймагын Кожояр айыл аймагы деп өзгөртүү.

Айыл аймактардын аталышын өзгөртүү иш-чараларына 2,03 млн сом жумшалары күтүлүүдө, ал тиешелүү айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен жана демилгечилердин эсебинен каржыланат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жоке

    23.03.2023 09:52

    Туура деп жсептецмин

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM