Биз менен байланышыңыз

Беларуста 25-марттан тарта мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы күчүнө кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2023 | 252 | 0

Беларуста 25-марттан тарта Кылмыш-жаза жоопкерчилиги кодексине мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерди жана аскер кызматкерлерин өлүм жазасына тартуу, ошондой эле терроризмди жайылтуу жана армияны дискредитациялоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

9-мартта Беларусь президенти Александр Лукашенко «Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган аткаминерлер же аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылат.

Документ боюнча мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти басып алуу максатында кутумга барууга, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин жогорулайт. Шектүүгө айып тагуу мөөнөтү 20 суткага чейин көбөйөт.

Мыйзамда терроризмди үгүттөө жана Куралдуу Күчтөрдү дискредитациялоо үчүн да жоопкерчилик каралган.

Диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

2022-жылдын майында Лукашенко теракттарды ишке ашыруу аракети үчүн өлүм жазасын колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM