Биз менен байланышыңыз

Цзиньпин келерки аптада Москвага расмий сапар менен барышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 250 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келерки аптада Москвага расмий сапар менен барарын Reuters маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен билдирди.

2022-жылы декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Си Цзиньпинди 2023-жылы Москвага келип кетүүгө чакырган.

10-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Аны Бүткүл Кытай эл өкүлдөр кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду. Муну менен Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланган алгачкы Кытай лидери болуп калды. Буга чейин Кытайдын Башмыйзамы боюнча төрага эки мөөнөткө гана шайланып келген.

70 жашын белгилөө алдында турган Си Цзинпин 2013-жылы бийликке келген. 2018-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM