Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Бузурманкуловдун жубайына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 704 | 0
Сүрөт: Кактус медиа

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп митингге чыккан Толгонай Солтоновага карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил кабарлады.

Райондук сот ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 128-беренеси менен айып койгон.

Толгонай Солтонова — Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы.

Быйыл 10-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары тынчтык митингине чыгышкан. Алар жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышкан. Бул акциянын катышуучуларын милиция кармап кетип, кайра коё берген.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM