Биз менен байланышыңыз

Орозо качан башталары айтылды

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 3563 | 0

Кыргызстанда быйыл Орозо айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо — Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Орозо жакындады. Кантип даярданабыз?

Copyright © 2017 Maral FM