Биз менен байланышыңыз

15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

Кыска кабар | 12 Мар 2023 | 439 | 0

15-марттан тарта Бишкектеги Исанов көчөсүнүн Токтогулдан Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк багытында бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы Исанов-Токтогул-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзгөн иликтөөдө, Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, тыгынын жаратканын көрсөткөн.

Аталган көчөдө бир тараптуу кыймылды уюштурууда айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй айдай алышат.

Copyright © 2017 Maral FM