Биз менен байланышыңыз

Жапаров Цзиньпинди үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 151 | 0

Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытайдын төрагасы болуп кайра үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктады. Жапаров акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери өнүгүп жатканын, соода-экономикалык кызматташтык да тынымсыз кеңейип жатканын белгиледи.

«Сиз менен жеке байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенимди билдирем», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

10-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Аны Бүткүл Кытай эл өкүлдөр кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду.

Кытайдагы өлкө лидерин шайлоо бүгүн таң эрте өтүп, добуш берүү жашыруун жүргөн. Шайлоого 2952 депутат катышты.

Муну менен Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланган алгачкы Кытай лидери болуп калды. Буга чейин Кытайдын Башмыйзамы боюнча төрага эки мөөнөткө гана шайланып келген.

70 жашын белгилөө алдында турган Си Цзинпин 2013-жылы бийликке келген. 2018-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM