Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга сапарында 15тен ашуун документке кол коюлду

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 234 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жолугушууларынын жыйынтыгында 15 документке кол коюлду. Алар:

⁃ Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын жол картасы;

⁃ Ташкент шаарында Made in Kyrgyzstan жана Бишкек шаарында Made in Uzbekistan дүң жана чекене соода жүгүртүү боюнча соода борборлорун түзүү жөнүндө жол картасы;

⁃ Эки өлкөнүн ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү боюнча жол картасы;

⁃ Кыргызстандын «ДТ Техник» ЖЧКсы, «НУР» ААКы жана Өзбекстандын «Узавтосаноат» ААКы ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

⁃ Кыргызстандын «Дастан» трансулуттук корпорациясы менен «Тошэлектроаппарат» (TOSHELECTROAPPARAT) ААКынын ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу жөнүндө кызматташуу келишими;

-«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Узкимеимпекс» ЖЧКсы ортосундагы көмүр экспорту боюнча 10 млн доллар өлчөмүндөгү келишим;

⁃ «Бишкек машина куруу заводу» менен «ЧирчикМашАгро» ишканасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;

⁃ Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;

⁃ Жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

⁃Балык чарба департаменти менен Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

⁃ Органикалык айыл чарба департаменти менен Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Ак-Моюн айыл өкмөтү, Кара-Моюн айыл өкмөтү, Эмгек-Талаа айыл өкмөтү, Сары-Ой айыл өкмөтү, Учкун айыл өкмөтү, Ак-Кудук айыл өкмөтү жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы Baxodir Log`on Tekstil ЖЧКсы менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн (8 млн долларлык келишимдер);

— Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясы менен Baxodir Log`on Tekstil жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;

— Vision Group жоопкерчилиги чектелген коому менен Mega Farm Service жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Кыргыз Республикасында биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум (10 миллион АКШ долларына келишим);

— Halmion Prom жоопкерчилиги чектелген коому менен Child Toys Corporation жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Кыргызстанда эмеректерди жана желим куурларды, желим буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу, (3 млн АКШ долларына келишим);

— «Тооке ЖТ» жоопкерчилиги чектелген коому менен SAYQAL соода-өндүрүштүк ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум (500 миң АКШ долларына келишим).

Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган.

Copyright © 2017 Maral FM