Connect with us

Быйыл минералдык жер семирткичтер арзан болот

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 486 | 0

«Бай Дыйкан» компаниясы менен Өзбекстандын «Узкимёимпекс» компаниясы Кыргызстанга 100 миң тонна минералдык жер семирткич жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Маалыматта ушул айдын ичинде Кыргызстанга 20 миң тонна минералдык жер семирткич, тагыраагы, 10 миң тонна карбамид, 10 миң тонна селитра жеткирилери айтылган.

Калган бөлүгү апрель айынан июль айына чейин кезек-кезеги менен 20 миң тоннадан жөнөтүлүп турат. Кечээ, 9-мартта келип түшкөн жер семирткичтен 2 миң тонна селитра, 2 миң тонна карбамид Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына берилди.

«Бай Дыйкан» компаниясынын жетекчиси Эрлист Акунбековдун айтымында, минералдык жер семирткич былтыркыдан 20-25% арзан болот. Мисалы, 2022-жылдын ушул маалында селитра 45-48 сомдон сатылса, быйыл 30 сомдон сатып алышат. Алдын ала төлөм менен кайрылгандарга 28 сомдон берилет.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө өлкө 270 миң тоннанын тегерегинде минералдык жер семирткичтерге муктаж.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM