Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык рэпер Ulukmanapo Алматыда чоң концерт берди

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 367 | 0

Кыргызстандык рэп-аткаруучу Ulukmanapo (Улукман Осмоналиев) Казакстандын Алматы шаарында 8-мартта биринчи жеке концертин берди.

Концерт Алматынын Балуан Шолак атындагы 5 миң орундуу спорт ордосунда өттү. Ага келген адамдар 5 миңден ашканын жана зал толгонун ырчы өзү инстаграм баракчасына жазды.

Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү — кыргызстандык ырчыны колдоп, Казакстандын алдыңкы рэп ырчылары да ырдашты.

«Эстен кетпес кече болду. Мен дагы деле таң калып турам. Менин ырларымды уккандарга жана концертке келген баарына ыраазычылык!», — деп жазды ал.

Ulukmanapo 14-февралда Кыргызстанда да чоң концерт берген. Өзүнүн айтымында, кийинки концерти Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Социалдык тармактагы комментарийлерге караганда Ташкентте да анын концертин күткөндөр көп болууда. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM