Биз менен байланышыңыз

Грузияда «чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамга каршы митингдер өтүүдө (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 253 | 0

Грузиянын оппозициялык «Лело» партиясынын лидери Мамука Хазарадзе Грузияда мөөнөтсүз «жарандык баш ийбөө» кампаниясын баштоого чакырды. Бул тууралуу 9-мартта «Мтавари Архи» телеканалына таянып, «Регнум» басылмасы жазды.

Хазарадзе белгилегендей, грузин оппозициясы жүргүзүп жаткан күрөштө жеңилүү бүткүл Грузиянын улуттук жеңилүүсү дегенди билдирет.

Ал бардык айылдарда, шаарларда, жогорку окуу жайларда, мамлекеттик органдарда, жарандар үчүн маанилүү кызматтардан башка бардык жерде бийликке бойкот жарыялоону сунуштоодо.

Грузияда «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 7-мартта башталган. Акция 8-мартта да уланып, демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция көздөн жаш агызган газ, суу чачып тараткан. Бүгүн, 9-мартта да полиция менен демонстранттардын кагылышуусу уланып жатканы кабарланууда.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Грузиядагы нааразылык акцияларынын курчушуна жол бербөөгө чакырды. Ошондой эле маалымат каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешинин жана жарандык коомдун ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жарандардын тынч митингге чыгууга укугу бар экенин белгилеп өткөн.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкө жетекчилигин демонстранттарга күч колдонбоого чакырып, мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса, вето коюуга убада берди.

Грузияда сунушталып жаткан «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамга ылайык, сырттан 20%дан ашуун каржылоо алган бардык уюмдар «чет элдик агент» деген каттоодон өтүүгө милдеттендирилет. Документ кабыл алууга 76 депутат «макул», 13 депутат «каршы» добуш берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM