Биз менен байланышыңыз

УКМК: Токмокто тергөөчү пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 619 | 0

УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 7-мартта Чүй облусунун Токмок шаардык милициясынын ага тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, кылмышка шектүү жаран Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, бир нече жолу жарандардан акча талап кылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Б.Б.К» Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM