Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 214 | 0

Президент Садыр Жапаров 7-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Министр жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча маалымат берди.

Жаныбековдун маалыматына караганда, 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга ашык болду.

Дыйкандарга сертификацияланган үрөндөрдү таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылган.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы топтолуп, дыйкандарга арзандатылган баада сатылууда. Лизингге берилчү айыл чарба техникасынын санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Сугат каналдарын тазалоо жана оңдоо боюнча ирригациялык иштер башталды, анын эсебинен нымдын королушун азайтуу жана ошого жараша сугат талааларын сугаруунун көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда.

Деградацияга учураган тоолуу жайыттарды калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар белгиленген. Мындан тышкары, Жер жана Суу кодекстерин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу активдүү жүрүп жатат.

Айыл чарба министри ошондой эле ата мекендик агропродукциясын экспорттоо көлөмү көбөйүп, тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырганын белгиледи.

Садыр Жапаров жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана мал чарбасын өнүктүрүү үчүн өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, буга байланыштуу дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү даректүү насыялар менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM