Биз менен байланышыңыз

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү: Чыр чыгарган депутат камакка алынды

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 1691 | 0

Чүйдүн Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүнүн түрттүрүлгөнүнө нааразы болуп чогулган тургундарды сөгүп, коомдук тартипти бузган айылдык кеңештин депутаты беш күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 3-март күнү Сокулук районунун Ак-Ордо-3 жаңы конушунда Ш.М. аттуу жарандын үйүн сүрдүрүлгөнү боюнча жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чогулушкан. Аталган чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун «Е, Ж» кварталынын башчысы болуп иштеген 37 жаштагы К.Т. аттуу жаран келип, коомдук тартипти одоно бузуп, тургундарды сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.

«Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жаңжал чыгып, коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки тараптуу мушташтын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен нааразы болгон эл тарап кеткен», — деп билдирет милиция.

Ошол эле учурда элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. Сокулук райондук милициясына жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, Сокулук райондук соту беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 3-мартта Ак-Ордо конушунда төрт балалуу Марал Шаболотованын үйү түртүлүп, ал коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 5-мартта Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлгөн келин менен жоолуккан. Аны менен бирге аталган конуштун тургундарынын жер мунапысы боюнча маселесин уккан.

Аталган окуядан кийин президент жер мунапысы боюнча жыйын өткөрүп, Чүй облусунун башчысын жана Сокулук районунун акимин кызматтан алууну тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM