Биз менен байланышыңыз

Сот «Азаттык Медианын» арызын четке какты

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 234 | 0

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин административдик соту «Азаттык Медиа» мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аталган медианын сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карады.

Анда «Азаттык Медианын» жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды. Сот медианын арызын четке какты.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрылат.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында былтыр сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу негиз болгону айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM