Connect with us

Казакстанда советтик доордо коюлган облус аталыштарынан баш тартуу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 763 | 0

Казакстандын Улитов облусунун жетекчиси өлкөдө айрым аймактар дагы деле советтик доордо коюлган аттар менен жүргөнүн сынга алды. Ал Павлодар облусун Баяновул деген тарыхый аталышына кайтаруу керектигин билдирди.

Улитов облусунун акими Берик Абдигалиулы «Улитов облусунун руханий өнүгүүсү» аттуу жыйында Казакстанда советтик мезгилде коюлган аталыштарды казакча аттарга өзгөртүү калкка да жага турганын билдирген. Ал союз мезгилинде жер-сууга административдик аттар коюлганын сындап, азыркыга чейин сакталып калган аталыштарды өзгөртүү керек деген пикирде.

Ал Павлодарды Баяновул, Түндүк Казакстан облусун Кызылжар, Батыш Казакстан облусун Акжайык, Чыгыш Казакстанды Алтай деп атоону сунуштап, бул миң жылдык тарыхка ээ ыйык жерлер экенин айткан. Ал жакында эле өзгөртүлгөн Жетису жана Абай облустарын (мурунку Алматы жана Семипалатинск) мисал кылып, муну тарыхый кадам деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Казак Өкмөтү ушул жылдын февралында токтом чыгарып, анда 2025-жылга чейин өлкөдө 3 миңдей калктуу конуш жана даректердин аталыштары «өз маанисин жоготкон» деген негизде өзгөртүлөрүн жарыялаган. Өкмөт башчынын орун басары Алтай Кулгинов «тарыхый инсандардын» тизмеси түзүлүп, жер-суунун аталыштарын өзгөртүүдө жергиликтүү тургундардын пикирлери эске алынарын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM