Кыргызгидромет билдиргендей, 4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашым мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.