Президент Садыр Жапаров жаңы киргизилип жаткан жол эрежелери боюнча пикирин «Кабар» агенттигине маек куруп жатып айтты. Ал жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калгандардын саны көбөйүп баратканын белгилейт.
Анын маалыматына караганда, үч жыл мурун 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, андан 754 адам каза болгон.
Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болгон.
Былтыр 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.
2020-жылы 93 бала жол кырсыгынан каза болуп, 1456 бала майып болуптур. 2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган. 2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон.
Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган.
2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.
Садыр Жапаров мунун баары жол эрежесин билбей, билсе да эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатканын айтты.
«Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген.
Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз», — деди Жапаров.
Кыргызстанда эми мындан ары бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Ошондой эле мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Мындай эрежелер ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.
Айдоочуларга карата жаңы эрежелер нааразычылыктарды жаратууда