Connect with us

Бишкектеги жол кырсыгы териштириле баштады

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 1383 | 0

Милиция Бишкек шаарында болгон жол кырсыгы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады. Бул тууралуу 2-мартта Биринчи Май РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа кырсыкка кабылган видео социалдык тармактарга тарады. Анда көрүнгөндөй кызыл түстөгү Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол четине чыгып кеткен.

Унаанын үстүнө чыгып алган киши кулап түшкөн жана дароо туруп, рулдагы аялды сабаган. Окуянын күбөлөрү видеого тартып алышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM