Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Чүй, Талас облустарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +18…+20 градус болот.