Биз менен байланышыңыз

Жапаров банктарга жана ооруканаларга Face ID киргизүүнү талап кылды

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 247 | 0

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканалардагы кызмат көрсөтүүдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификация (Face ID) киргизүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында айтты.

Ошондой эле 2023-жылы Санариптик кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүү тапшырмасы каралган.

«Санариптик кодексти ушул жылдын 1-июлуна чейин аягына чыгарып, Министрлер кабинетине киргизиңиздер. Даярдалып жаткан Санариптик кодекс мыйзамдардагы бардык карама-каршылыкты жоюп, санариптик экономикага жаңы дем берет деп күтөбүз. Бул кодекс тар чөйрөдөгү адистерге эле эмес, ар бир жаранга түшүнүктүү болушу керек экендигине көңүл буруу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Ал мындан тышкары уюлдук телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууну күчөтүп, жарандардын тейлөө борборлоруна барууларын азайтуу зарылдыгын кошумчалады.

Министрликтин быйылкы планына, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүү киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM