Элдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды.
Мындай чечим 2023-жылдын 20-февралында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Элдар Алишеров 2021-жылдын 30-июнунан бери ЕЭК министри болуп иштеген Максат Мамыткановдун ордуна келди.
Элдар Алишеров 2021-жылдын февралынан 2022-жылдын апрелине чейин Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп иштеген.