Быйыл мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын (завучтардын) айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламенттин 1-марттагы жыйынында айтты.
«Мугалимдин кадыр-баркын көтөрбөсөк болбойт. Президент менен Министрлер кабинети бул жагынан чоң кадам жасап, окутуучулардын айлык акысын көтөрдү. Эми 1-апрелден тарта директор жана завучтун айлыгын көтөрүүгө 481 млн сом карап жатат. Бул дагы мугалимге болгон колдоо», — деди Иманалиев.
Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулады.
Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланууда. Аны 24-февралда президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
2 пикир