Маалыматка караганда, 2022-жылы 31 миллиард өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Анын натыйжасында соңку беш жылда өнөр жай өндүрүшү 1,4 эсе, экспорт 1,5 эсе көбөйгөн.
Быйыл 11 миллиард доллар түз инвестицияны өздөштүрүү пландалууда. Бул өлкөдөгү жалпы инвестициянын көлөмүн 42 миллиард долларга чыгарууга жол ачат.
Мирзиёев экономиканын туруктуу өсүшү үчүн жакынкы беш жылга өндүрүштү 1,5 эсеге көбөйтүп, экспортту 20 миллиард долларга жеткирүү максаты коюлганын айтты. Бул үчүн 120 миллиард доллар инвестиция, анын ичинде 70 миллиард доллар чет элдик инвестиция зарыл.
Дүйнөлүк банк 2022-жылы май айында жарыялаган баяндамасында Өзбекстан башка өлкөлөрдөн экономикалык өнүгүү жаатында 30 жылга артта экенин белгилеген.