Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы зилзала туризмге таасирин тийгизеби?

Дүйнө , Коом | 28 Фев 2023 | 370 | 0

Түркия — өзгөчө кооз жаратылышы, деңиздери менен дүйнө элин өзүнө тартып турган, туризм тармагы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкө. Башка мамлекеттерден атайын турларды жана мейманканаларды күн мурунтадан ээлеп коюуда баалардын арзаныраак болушу менен айырмаланат. Мына ушундай артыкчылыктардан улам да эс алуучулар Түркияны тандашат. Европадан да, Азиядан да агылып барган эс алуучулар жыл сайын үзүлбөйт. Анткен менен «Бул жылы жайкы сезон кандай болот? Түркиядагы болуп өткөн зилзала туризмге таасирин тийгизбейби?» деген өңдүү суроолор көпчүлүктү ойлондуруп турган чагы. Бул өңдүү маселелердин алкагында атайын адистердин пикирин тыңдадык.

İlk yatırım туристтик фирмасынын жетекчиси Тунжер Йылмаз: 

— Эс ала тургандардын мейманканаларга орун ээлөө агымы уланууда. Отелдердин  ачылышы боюнча пландарда эч кандай өзгөрүү жок. Жакшы сезон болот деп күтөбүз. Ал эми чет элдик туристтердин жер титирөөдөн тынчсызданып жатышы боюнча Туризм министрлиги тарабынан керектүү түшүндүрмөлөр жүрүп жатат. Зилзала болгон аймактар деңиз жээктеринен, туризм аймактарынан алыс. Анталия жана анын айланасындагы облустардын жер титирөө боюнча эң коопсуз аймак экени изилденүүдө. Атайын адистер: «Туризм апрель-май айларында солгун болушу мүмкүн, бирок жай айлары күчтүү болот», — дешет. Мейманканалар ачылышын өз убагында, келишимдерге ылайык жасайт. Көптөгөн мейманканалар сезон ачылганга чейинки убакытка жер титирөөдөн жабыркагандарды убактылуу кабыл алышкан. Июнь айында бардык отель туристтерди кабыл ала баштайт. Ал эми убактылуу баш калкалап жаткандар мектеп, бала бакча жана башка имараттарга көчүрүлөт. Ар бир мейманкана эс алуучуларды кечиктирүүсүз кабыл алат. Эч кимдин тапшырыгы артка кайтарылган эмес жана кечиктирилбейт. Учурда орун ээлеп коюу агымынын басаңдашы байкалууда, бул туристтик сезон үчүн көйгөй жаратпайт деп ойлойбуз.

Түркиянын туризм менеджери Букет Тунжер: 

— Түркиянын түштүк-чыгыш аймагындагы 10 шаарды камтыган жер титирөөнүн жараларын мамлекетибиз, уюмдарыбыз жана жалпы элибиз биргеликте айыктыра баштады. Ал жактагы элдин турмушу кайрадан баштапкы калыбына келет, буйруса! Жер Ортолук деңиз, Эгей, Кара деңиз, Каппадокия, Мармара жана Чыгыш Анадолу аймактарындагы мейманканаларыбыз, туристтик объектилерибиз конокторун тосуп алууну улантууда. Анталиядагы мейманканаларда орточо эсеп менен 700 миңдин тегерегинде орун бар. Мейманканаларга туристтерди жайгаштырууда көйгөй жок. Ансыз деле жер титирөөдөн жабыркагандардын көбүнө мейманканалардан эмес, мамлекеттик мекемелерден, үйлөрдөн, чатырлардан баш калка берилди. Туристтик объектилерибиз жергиликтүү жана чет элдик меймандарды кабыл алууну толук кандуу улантууда. Өлкөбүзгө көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстан мамлекетине жана элине чексиз ыраазычылык билдиребиз!

Кыргызстандагы «Евротур» туристтик агенттигинин директору Рамин Махмудов: 

— Биздин агенттикте жыл сайын салт болуп калган эс алуу жайларына алдын ала ээлеп коюу январь айында эле башталган. Бардыгына белгилүү болгондой, туртоптомдорду ээлеп коюуда 40 пайызга арзандатуу бар. Андыктан эч ким билеттерин артка кайтарган жок. Азыр туристтер, эс алуучулар бардык маалыматтан кабардар жана аң-сезимдүү. Түркиянын кайсы бөлүгүндө зилзала болгонун, деңиз жээктериндеги туристтик аймактарда андай коркунуч жок экенин да билишет. Биз да эс алуучуларга дал ошол бара турган туристтик жерлер сейсмологиялык туруктуулукка ээ экенин түшүндүрүп жатабыз. Бизде ошондой эле Түркиянын бир катар шаарларына атайын турлар бар. Эң арзан баада 7 күнгө барып келишет. Абдан кызыктуу жана эсте каларлык болгондуктан аны тандашып, саякаттагандар көп. Мисалы, жакында эле Түркияда жер титирөө болгондон кийин 11-февралдан 19-февралга чейин Караколдон эс алуучу топ Стамбулдан баштап, Анталия, Коня, Каппадокияга чейин барып, жакшы сезимде кайтышты. Түркияга болгон эс алуучулардын сапары эч кандай токтогон жок. Жолдомолордун баасы да түшкөн жок. Өзүңүздөр көргөндөй, учак билетинин баалары деле ошол бойдон калууда. Жалпылап айтканда, Түркияга болгон быйылкы жайкы туристтик сезондо эч кандай өзгөрүү жок.

Кыргызстандан Түркияга эс алганы баргандар жыл сайын арбып барат. Мисалы, 2019-жылы 118 миң болсо, 2020-жылы 500 миң, ал эми 2021-жылы 102 миң, 2022-жылы 147 миң болгон. Бул жылы да алдын ала ээлеп койгондор көп. Мындан тышкары сезон учурунда эс алууга бара тургандар да бар.

Даярдаган: Клара Кудайбергенова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM