Connect with us

Медициналык камсыздандыруу мыйзамынын күңгөй-тескейи

Коом | 27 Фев 2023 | 838 | 0

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жалпы 6 млн 500 миң жаран катталган. Алардын 72%ы гана медициналык жактан камсыздандырылган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кимдер алууга тийиш:

  1. 18 жаштан жогору иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жарандар;
  2. 21 жаштан жогорку студенттер;
  3. төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар,такси айдоочулары);
  4. Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле чет өлкөлүк студенттер.

ММК полисин төмөнкү жарандар албайт:

  1. расмий иштеп, иш берүүчүсү социалдык фондго 2% төлөмүн которуп турган жарандар;
  2. пенсионерлер;
  3. Социалдык жөлөк пул алгандар;
  4. 16 жашка чейинки балдар;
  5. аскер кызматкерлери.

Ошондой эле жеке каалоосу менен социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөргө медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуунун кажети жок.

ММК полиси Кыргызстандын жарандары бир жылга 1722 сомдон, ал эми чет элдик жарандар айына 16 миң 391 сомдон сатып алат.

Эгерде жарандар ММК полисин сатып албаса, ооруканага кайрылганда эки эсе көп акча төлөп калат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов билдирди.

«Медициналык камсыздандыруу полисин сатып албаган жарандын капчыгына эле күч келип калат. Мисалы, үчүнчү баскычтагы ооруканада дарыланууга 10 миң сом төлөө керек болот, кошумча анализ тапшырууга оорукананын белгиленген баасы боюнча өзүнчө акча төлөп калат».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Шайлоообек Атазов полистин негизинде дары-дармектер арзандатылып же кандайдыр бир жеңилдиктердин  берилүүсү чындыкка дал келбесин белгилейт. Себеби ишке ашыруу кыйын, ошондой эле далил жок деген ойдо.

«Медициналык камсыздандырууну чет өлкөдөн келгендерге милдеттүү кылса, мамлекеттин эсебине пайда болот. Кыргызстанда жашаган жалпы элге медициналык камыздандырууну милдеттүү кылуу адилетсиз болуп калат. «Медициналык камсыздандырууну алгандан кийин дары-дармектен жеңилдик болот» дегендин өзү — жалган. Себеби бир да далил жок, ишке ашыруу да кыйын».

Эл өкүлү Ырысбек Атажанов медициналык камсыздандырууну ар бир жаранга милдеттүү кылуу керектигин колдойт.

«Медициналык камсыздандыруу ар бир жаранга милдеттүү болсо жакшы болот. Мамлекет кепилдик берүүсү зарыл. Дары-дармекти арзан кылып, өз карамагына алышын сунуштайт элем».

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоору жакшы, бирок ишке ашыруусу кыйын деп эсептейт.

«Мен бул мыйзам долбоорун укканда сындап чыккам. Себеби, жаңылбасам, медициналык камсыздандыруу ишке кирсе, 27 же 28 миллиардай каражат чогулуп, ар бир жашоочуга бөлгөндө жок дегенде 3 сомдук шприцти колдонуу бекер болмок. Бирок тилекке каршы, биздин ооруканалар бекер бербейт. Мындан улам медициналык камсыздандыруу боюнча сөз кылуунун деле кажети жок. Мыйзам өзү жакшы, бирок иштебей келет».

Сөз кылган мыйзам долбооруна алдыда өлкө башчы Садыр Жапаровдун кол коюусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM