Биз менен байланышыңыз

Италияда кеме кырсыгынан 59 адам курман болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 584 | 0

25-февраль күнү кечинде Италияда мигранттарды ташыган кеме кырсыкка кабылып, 59 адам курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Кеме Түркиянын Измир шаарынан чыккан. Анын ичинде Ооганстан, Пакистан жана Самолиден келген жалпы 150дөй мигрант болгон.

Италиянын Жээк күзөтү кызматы тараткан маалыматка караганда, кайык жээктен бир нече алыстыктагы таштарды сүзгөн. Курман болгондордун арасында аялдар, балдар да бар.

Италянын премьер-министри Жорж Мелони мындан ары мындай окуяны болтурбоо үчүн  мыйзамсыз миграцияны токтотууга чара көрөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM