Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунун аймагында жер титиреди

Кыска кабар | 25 Фев 2023 | 453 | 0

Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда жер титирөө бүгүн, 25-февралда саат 11:51де катталган.

Жердин силкинүүсү Сокулук районунун Кировское, Асылбаш, Шалта жана Москва районунун Садовое, Беловодск айылдарында 3 баллга чейин, Сокулук районунун Шопоков шаарында жана Москва районунун Петровка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM