Биз менен байланышыңыз

Пиязды экспорттоого киргизилген чектөө алынды

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 290 | 0

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого коюлган чектөөнү алып салуу боюнча токтом долбоорун ишеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга тыюу салынган. Ага азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу себеп болгон.

Быйыл январь-февраль айларында пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM