Биз менен байланышыңыз

Беларусь парламенти чыккынчыларды өлүм жазасына тарткан мыйзамды колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 569 | 0

Шейшемби күнү Беларусь парламентинде мамлекетке чыккынчылык кылган кызматкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук Жыйындын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору мамлекетке чыккынчылык кылгандарга чечкиндүү күрөш жүргүзүү максатын көздөй турганы айтылат маалыматта. Ага ылайык, чыккынчылык кылган мамлекеттик кызматта, аскер кызматында иштеген адам атууга өкүм кылынат.

Мындан тышкары мыйзам долбоордо ири өлчөмдөгү айып пул төлөтүү да каралган.

Орус басылмалары жазгандай, Беларусь өлүм жазасын киргизген Европадагы жалгыз мамлекет болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM