Биз менен байланышыңыз

Молдова КМШ алкагындагы ондогон келишимдерден чыга турганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 733 | 0

Молдова бийлиги КМШ алкагындагы ондогон келишимдерди денонсациялоо аракетин баштаганын билдирди.

«Молдова Республикасы КМШнын 330га жакын келишимдеринин катышуучусу болчу. Эми алардын көпчүлүгү кайрадан каралып чыгышы керек», — деп билдирген Молдованын тышкы жана Европага интеграция болуу министри Нику Попеску.

«Ушундай келишимдер бар: же алар бизге туура келбейт, же иштебейт же Молдованын кызыкчылыгын көздөбөйт», — деп кошумчалаган министр.

Попеску Кишиневдун максаты Евробиримдикке кошулуу жана бардык тышкы саясий максаттары жана эл аралык уюмдардагы катышуусу Европа интергациясына ылайык болушу керектигин айткан.

«Мындан улам, биздин максаттарыбыз туура келбеген КМШ келишимдеринен чыгууну улантабыз. Респбуликанын КМШга мүчө кезинде кол коюлган келишимдеринин баары кайрадан каралып чыгат», — деген Молдованын тышкы иштер министри.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM