Биз менен байланышыңыз

2022-жылы кыргызстандык спортчулар 482 медаль алган

Кыска кабар , Спорт | 23 Фев 2023 | 405 | 0

2022-жылы кыргызстандык спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын спортчулары олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло, олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло, улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль алышкан. Жыйынтыгында өлкө капчыгына жалпы 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло түшкөн.

Ошол эле учурда Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырган. Анын натыйжасында Кыргызстандын курама командасы эл аралык рейтингде алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк курама командага кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM