Биз менен байланышыңыз

30дан ашык өлкө Орусиянын Олимпиададан четтетилишин колдоду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 23 Фев 2023 | 1091 | 0

Орусиянын жана Беларустун спортчуларын эл аралык мелдештерден четтетүү демилгесин дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсү колдоду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Британ өкмөтүнүн маалыматына таянып билдирди.

АКШ, Франция жана Улуу Британия кол койгон биргелешкен билдирүүдө бул демилгеге Орусиянын Украинага кол салуусу түрткү болгону белгиленген.

«Орусия менен Беларустун спортчулары мелдештерге бейтарап макамда катышканы менен, аларды өз мамлекеттери каржылап жатканы белгилүү», — деп айтылат маалыматта.

Документте беларус жана орус спортчулары өз өлкөлөрү баштаган согуш аяктагандан кийин гана эл аралык спорт коомчулугуна кире алышары жазылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул жылдын февраль айынын башында орусиялык спортчуларды Олимпиада оюндарынан четтетүү керектигин айткан.

Ушундай эле билдирүүнү Литванын, Латвиянын, Эстониянын жана Польшанын спорт министрлери да жасашкан.

Январдын аягында Эл аралык Олимпиада комитети Украинадагы согушка ачык каршы чыккан Орусия менен Беларустун спортчуларын эл аралык мелдештерге бейтарап желек менен катышууну улантууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 24-февралда Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндары аяктагандан кийин Орусия Украинага басып кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM