Биз менен байланышыңыз

«Бир адамдан үч көчөт». Депутат Кадырбеков бак тигүүгө чакырды

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 231 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жаздын алдында өлкөдө массалык түрдө бак тигүүгө чакырды. Ал парламенттин 22-февралдагы жыйынында Кыргызстан бак тигүү боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калганын айтты.

«Мурда Бишкек шаары «жашыл шаар» деген аты бар эле, азыр какырап калды. Жаныбыздагы Алматыны, Ташкентти, Душанбени карагыла, Москванын жарымы токой. Токио, Тбилисини айтпай эле коелу. Биз жылдан-жылга бактарды кыйып жатабыз. Кыйганды билгенден кийин эккенди да билели. Өкмөт «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында бак тигүүнү баштаган, бирок өткөе жылы кайсы жактарга экти, бир Кудай билет. Ошол үчүн быйыл ар бирибиз бак тигели», — деди депутат.

Кадырбеков Түркия үч саатта 11 миллион көчөт эккенин мисал келтирип, бак тигүү менен бузулуу алдында турган жерди сактап калуу мүмкүн экенин айтты. Быйыл акция баштоого жана өзү айлык акысынан 10 миң сом бөлгөнүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM