Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык зыяратчыларды быйыл Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлейт

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 337 | 0

Кыргызстандан ажылыкка бара турган зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин өткөрүлгөн сынакта Кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен.

Тандоого КМДБнын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышкан.

Буга чейин зыяратчыларды Сауд Аравиянын «Флайнас» авиакомпаниясы ташып келген.

Быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM