Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна барды

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 284 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышты. Ошондой эле президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  жыйынына катышты.

17-февралдан тарта Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. 16-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта 1 млн 222 750 м3 кар түшүрүлгөн.

21-февраль күнү саат 09.30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталган. Ошол себептүү убактылуу жабылган, кайрадан саат 18:00дө унаа кыймылы үчүн жолду ачуу пландалууда.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, быйыл атайын техникаларды алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөн жана ал Нарын облусуна дагы берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM