Президент Садыр Жапаров жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:
— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидиновичке;
— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштановичке;
— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатаровичке.
Мурат Боронов учурда Баткен облустук ички иштер башкармалыгын, Тариель Абитов Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын жетектейт. Ал эми Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына 2022-жылдын январь айында дайындалган.