Биз менен байланышыңыз

Ажылык-2023: Алты миңге жакын кыргызстандык алгачкы төлөмдү төгүштү

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 403 | 0

Муфтияттын маалыматына караганда, 5 миң 960 адам ажылыкка баруу үчүн алгачкы төлөмдү төлөп бүтүштү. Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 6 миң квота бөлүнгөн.

21-февралда РСК Банк баштапкы төлөмдү саат 11:00гө чейин кабыл алат. Бөлүнгөн квотага кирбей калган жарандар электрондук базанын кезегинде калат.

Талапкерлерди каттоо ID карттын негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Жаңыдан каттоого туруп жаткан талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң доллардын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Толук маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM