Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 804 | 0
Сүрөт: Кактус медиа

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан юрист, активист Клара Сооронкулова медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу «Маралга» Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Ал дарыгерлердин сунушу менен текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага кечээ жаткырылды.

Клара Сооронкулова клиникага которулуп, операция жасалат деген маалыматты анын жактоочусу Чынара Жакупбекова да тастыктады.

«Клара Сооронкулованын ден соолугу кескин начарлап, ооруканага жаткырылган. Ал ушул жумада операция жасалышы керек. Камак, ачкачылык анын ден соолугуна эң терс таасирин тийгизгени көрүнүп турат. Аялдарды кордогонду токтоткула» , — деди жактоочу.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM