Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев: Жолугушуу баарыбыз үчүн сюрприз болду

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 314 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «Азаттыкка» маек куруп, жолугушууга бардык президенттер келери күтүүсүз болгонун айтты.

Аскар Акаев ага чейин бул жолугушуу жөнүндө оюн билдирип, демилгени колдой турганын айткан.

«Мага чукул эле, 14-15-февралда кайрылышты. Президент өзү: «Дубайга келип берсеңиз, акылдаша турган иш бар эле», — деп кайрылды. Анан президент чакыргандан кийин сөзсүз баруу керек. Мен бардым. Барсак, сюрприз. Ошол жерде экс-президенттердин баары чогулган экен.

Президент Жапаров: «Максатыбыз бир, ал — республикада туруктуулукту сактоо, элдин ичиндеги ынтымакты, биримдикти бекемдөө», — деп айтты. «Элибиз «акаевчи», «бакиевчи» жана «баланчаевчи» деп бөлүнүп-жарылып, ошондуктан алдыга жылууга кедергисин тийгизип жатат, ошондуктан баарыңарды ынтымакка чакырам, бөлүнбөй-жарылбай, стабилдүүлүктү колдоп, бир беткей экономикабызды өстүрүп-өнүктүрүп, элибизге жакшылык жараталы» деген жакшы демилге, бийик максат койгон экен.

Анан бардыгыбыз колдоп бердик. Мен да «мунуңар абдан туура» деп өзгөчө колдоп бердим. Бардык экс-президенттер да колдоп беришти. Кыскача, ушундай», — деди Акаев.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, мурдагы президенттердин башын бириктиргенин жарыялаган. Ал муну элди элди ынтымакка чакыруу ниети менен түшүндүргөн.

Окуя коомчулукта катуу талкууга алынды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да Дубайдагы жолугушууга бардык президенттер келеринен кабарсыз барганын айтып, аягында коштошпой кетип калганын билдирген. Ал эми туңгуч президент Аскар Акаев бардык экс-президенттер аягына чейин отурганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM