Бүгүн, 18-февралда «Сосновка» жана «Арал» постунда жеңил унаалардын кыймылына киргизилген чектөө алынды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180000м3 кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14400м3 кар көчкү түшкөн.
Саат 19:50дө жол толук тазаланып ачылды.
Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постунда саат 20:00дөн тарта жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды.