Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши. Перизат Суранова үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 17 Фев 2023 | 139 | 0

Жарандык активист Перизат Суранова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилгенин адвокаты билдирген.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Сурановага тез арада операция жасалышы керектиги январдын башында айтылган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алынган.

16-17-февралда алардын баш коргоо чарасы каралып, 20-апрелге чейин камактагы мөөнөтү узартылды.

Саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн менчик клиникага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM